Ысык-Көл облусунун Каракол шаарын жашылдандыруу иштери уланууда. "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Замир Бейшебаев билдиргендей, март айынан бери шаар аймагына 932 түп роза гүлү, 40 түп терек, 100 түп кайың, 174 түп карагай, 50 түп сирень көчөттөрү отургузулду. Мындан тышкары 26-апрелде шаар боюнча ишембилик өткөрүлүп, "Жеңиш" сейил багына 200 түп роза, 200 түп кайың көчөттөрү отургузулат.