ЖКда Нариман Түлеевдин кармалышын иликтеген депутаттык комиссия маалымат берүүдө

Учурда Парламентте ЖКнын депутаты Нариман Түлеевди кармоо фактысын териштирүү боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө маалымат угулууда. Маалыматты аталган комиссиянын төрагасы депутат Курманбек Осмонов берүүдө. Депутат Түлеевдин кармалышындагы бир катар мыйзам бузуу фактылары болгонун белгилеп, мыйзамдар бардык жарандарга бирдей колдонулбай жатканын айтты. Сөз аягында "Биз, депутаттык комиссия, Нариман Түлеевдин кармалышын, аны мажбурлап Башкы прокуратурага алып баруу аракетин гана текшердик. Ал эми ага коюлуп жаткан айыптар боюнча тигиндей же мындай дегенге биздин укугубуз жок. Азыр Түлеевдин 2 иши тең тергелип бүтүп, сотко өткөнү калды. Биз анын баш коргоо чарасын өзгөртүп туруп, анан сот иштери улана берсин демекчибиз. Күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот чечсин" деди,- Курманбек Осмонов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан