КҮНСЕРЕП: Конституциялык палата Акаев-Бакиевдин доорун эске салды

Бүгүн, 12-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Референдум өткөрүүгө бийликке дагы бир жашыл жарык күйдү. Жогорку Соттун Конституциялык палатасы Конституцияны өзгөртүү боюнча бийликтин аракетин колдогон чечим чыгарып, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр демократиялык мамлекеттин принциптерине каршы келбесин, адам укуктары менен эркиндиктерин кымындай да чектебей турганын билдирди. Кыскасы, "Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси мыйзамдуу, андагы жаңы нормалар Конституцияга шайкеш келет" деп корутунду чыгарды. Муну менен бийликке 2016-жылдын 11-декабрында референдум өткөрүүгө жол ачылды. Конституциялык палатанын мындан башкача чечим чыгарышы мүмкүн эмес болчу. Ошентсе да жарандарда азыраак үмүт бар эле. Бул - судьялардын арасында адилеттүү, мурунку эки бийликтин конституциялык реформаларынан сабак алгандары бардыр деген үмүт. Палатадагы 10 судьянын ичинен бирөөсү - Эмил Өскөнбаев гана каршы пикир билдирген.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Конституциялык Сот бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы корутунду берген учуру дээрлик болгон эмес. Конституциялык палатага бүгүн "Баекованын тушундагыдай бойдон калыптыр" деген сын айтылууда, бул дагы бекеринен эмес. Чолпон Баекова президент Акаевдин тушунда 14 жыл өлкөнүн Конституциялык Сотунун төрайымы болуп иштеп, акаевдик референдумдарды өткөрүүнү "мыйзамдаштырып" турган. Баш мыйзамга алгачкы "кол салуу" аракеттери Баекованын тушунда башталган. Бакиевдин тушунда да алмашты, бирок бардык конституциялык реформалардын кесепети өлкөдө бийлик алмашуунун бирден-бир себепкери болуп, убагында "мыйзамдуу" делген чечимдер мыйзамсыз болгонун убакыт тастыктап жатат. Эркинбек Мамыров жетектеген бүгүнкү Конституциялык палатанын корутундусуна тарыхый баа берүүгө да мезгил жетет. Укук жаатындагы эксперттер дал ушуну айтып жатышат. Жөн эле айтышкан жок, судьялар өздөрү казган аңга бир күнү өздөрү түшөрүн эскертип жатышат. Демек, бүгүнкү корутундуга катылган "миналар" эртеби-кечпи жарылышы толук мүмкүн. Ошентип, көз карандысыз делген Конституциялык палата деле эски бийликтин изи менен бараткансыйт.

2014-жылы Жогорку Кеңеште Конституциялык палатага туура эмес чыгарган чечимдерин кайра кароого укук берүү демилгеси көтөрүлгөн. Мыйзам долбоорун колдогондордун башында депутат Өмүрбек Текебаев турган. Бүгүнкү кырдаалды карап, мактагандык эмес, "Текебаев ошондо эле бир нерсени сезгенби?" деген суроо жаралат. Анткени парламенттеги 120 депутат кетирген катаны Конституциялык палата оңдоп турушу керектигин айткан депутат: “Конституциялык палатадагы 9 адамдын 5-6сы жаңылбайт деп айта алабызбы? Тарыхтан көрдүк, Бакиевдин тушунда Конституцияны өзгөрткөндө дүйнө эли таң калды го. Эртең бирөө Конституциялык палатадагы 5 кишиге миллион доллардан берсе, алар "Убактылуу өкмөттүн декреттери мыйзамсыз экен, Конституциясы да туура эмес экен" дешсе эмне кылабыз?" - деген эле. Демилге колдоо тапкан эмес. Бүгүн талаштуу жагдай түзүлдү, экинчи тарап жогорудагыдай корутундуга макул эмес, ал эми Конституциялык палатада өз чечимдерин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү жок.

2010-жылы жаңы Баш мыйзам кабыл алынганда Конституциялык Сот жоюлуп, 2013-жылы Конституциялык палата түзүлгөн. Маалыматтарга таянсак, 2016-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Конституциялык палата 5 гана иш караган. Бул аталган палатага кайрылгандар жокко эсе дегенди билдирет. Ушул жана башка себептер айтылып, аталган органды жоюу демилгеси көтөрүлүп, кол топтоо башталды...

Жогорку Кеңеш бүгүн "Референдум жөнүндө" мыйзамды экинчи окуудан кабыл алды. Бул мыйзам парламенттин мурунку жыйындарында экинчи окууда жактырылып, бирок кайра экинчи окуунун режиминде артка кайтарылган эле. Бул арада парламенттин тармактык комитети мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүп, долбоорго "жалпы талкуудан өттү" деген алсыз аргумент жармаштырышты. Ага чейин бийликтин оппоненттери Конституцияны өзгөртүүгө тийиштүү мыйзамдар процедураларды бузуу менен шашылыш өткөрүлүп жатканын сындашкан. Парламенттик угуунун кандай өткөнү да айтылбай койгон жок. Ага катышкан жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов талкууну башкача элестетип келгенин, бирок өзүн студенттер менен жолугушууда отургандай сезип жатканын билдирди. Айтымында, талкууга катышкандардын басымдуу бөлүгүн жарандык коомдун активдүү өкүлдөрү эмес, студенттер түзүштү. Бийлик өкүлдөрү парламенттик угууга бардык тараптар чакырылып, бирок алар келбей коюшканын айтып, күнөөнү оппоненттерине оодарып кутулушту.

Бийлик абдан катуу каршылыктарга карабай Конституцияны өзгөртүүгө баратканы түшүнүктүү. Парламенттин бүгүнкү жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен "Бир болдун" депутаты Чолпон Жакупова "Референдум жөнүндө" мыйзамга "Конституцияга жаңы киргизилип жаткан ар бир пунктка жарандар өз-өзүнчө добуш беришет" деген норманы киргизүүнү сунушташты. Айла кеткенде ушуну сунушташты сыяктанат, жок дегенде элде кайсы өзгөртүүлөргө макул же каршы экенин тандоого мүмкүнчүлүк болсун дешкендир... Бирок ачык эле баш тартышты. Андай кылса, элде түшүнбөстүк жаралат имиш. Элге ким түшүндүрүшү керек эле? 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү таптакыр мүмкүн эместиги жөнүндө келтирилген аргументтер, мыйзамдар болсо бийликке дагы эле таасир эте элек, этиши да күмөн...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан