Жасалма 300 сомдук банкноттун пайда болгонунан улам Улуттук банк жасалма акчадан сак болууга чакырды

Улуттук банк калкты жасалма акчадан сак болууга чакырат. Бул маселе өлкөнүн түштүгүндө белгисиз бирөө сатуучуга Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн 300 сом бергени белгилүү болгондон кийин көтөрүлдү.

Банк өлкө аймагында улуттук валюталар катары 20 сом, 50 сом, 100 сом, 200 сом, 500 сом, 1000 сом жана 5000 сомдук номиналдар гана сунушталарын белгилейт.

Башта "Ч.Айтматовдун элеси түшүрүлгөн 300 сомдук банкноттун эскизин иштеп чыгуу боюнча дизайнерлер арасында сынакка катышкан" деген божомол айтылган. Улуттук банк 300 сомдук банкнот сынактарга катышпаганын белгиледи.

"Эгерде шек жаратуучу банкнот көрсөңүздөр, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызматка же Улуттук банкка кайрылууну сунуштайбыз. Ал жерден адистер банкнотко экспертиза жүргүзүп, анын нактыгын аныктап алуусу керек. Шек жараткан банкнотту сатууга аракет жасабаңыздар, анткени жасалма акчаны чыгаруучулар сыяктуу эле аны таркатуучулар дагы мыйзамга жараша жоопко тартылышат", - деп жазылат маалыматта.

Кылмыш кодексинин 198‑беренесине ылайык, жасалма акчаны чыгаруу, сактоо же сатуу аракеттери үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекеттин пайдасына тартып алуу каралат. Ушул эле кылмыштар ири көлөмдө жана бир нече адамдын тобу менен жасала турган болсо, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Dadasdasd
2016-10-12 17:58:18
Приқол болсо керек.
+3
joni_91
2016-10-12 18:00:33
Прикол эле
+2
talant87
2016-10-12 18:47:52
менде болсо кана алып жургонмун кызыктууго
+1
Kypchak
2016-10-12 19:48:28
идея сонун улуттук банк колго алсын
+2
anyaza
2016-10-12 20:44:36
Негизи акчанын жасалгасы мага жакты.Эл ичи онор кенчи демекчи онорлуулор эл арасында байкатпай журот экенда.Шаар ичне чон фарматта корунуктуу жерге (коп кабаттуу уйлордун бооруна)суротун тушурсо жакшы болмок.
+2
zhykyo
2016-10-12 21:06:23
Сонун экен эми чыгаргыла 300сомдукту
+1
stimyl.kg
2016-10-12 22:07:50
300дун жасалгасы жакшы экен..
+3
Мэри
2016-10-12 22:39:29
Мага да жакты...
+2
Patriot..kg
2016-10-12 23:34:47
Жасалма болсо да сонун корунот экен
+3
aizbek
2016-10-13 01:26:51
Айтматов 10000сомдука татыктуу,300сомдука эмес
+3
Aytur
2016-10-13 20:10:05
aizbek, 10000сомдукту ким кармайт 5000сомду кээде эле коробузго майда акчаларга чыккан адамдар сыйлуу наоборот.
-1
guljigitt
2016-10-13 03:13:39
Вообще акчанын баркы кетет кереги жок болду вообще чыгарбагыла
-1
guljigitt
2016-10-13 03:14:38
Чынгыз Айтматов акчага эмес башкача жакшыраак нерсеге туруш керек Акча бул тазаэмес
+1
nurikkg1
2016-10-13 04:36:52
ушул акча менде болгондо билет элем кимге беришти потому что опыт бар
-1
keba300989
2016-10-13 08:52:28
Менимче бул акча азыр жок бирок ушундай кылып чыгаралы эл эмне дейт экен деп интернетке чыгарып көрөлү дегенго.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан