Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Нарын облусуна иш сапары менен жөнөп кетти
Бүгүн,
17-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Нарын
облусунун Ак-Талаа районуна иш сапары менен жөнөп кетти. Өкмөттүн басма
сөз кызматы билдиргендей, иш сапарынын алкагында райондун жашоочулары жана
активи менен жолугушат. Ошондой эле өкмөт башчы “Жакаш” техникалык тейлөө
борборуна айыл чарба техникаларын тапшырып, “Турумбек” бак чарбасынын
ишмердүүлүгү менен таанышат жана Кадыраалы айылындагы орто мектептин курулушу
тууралуу маалымат берип, бир катар социалдык мекемелерде болот. Ал эми күндүн
экинчи жарымында Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна барат. Анда
“Макмал” алтын комбинатынын иши менен таанышып, Арал жана Бирдик
айылдарынын ортосундагы авариялык абалдагы көпүрөнү көрүп чыгат. Өкмөт башчы
мындан тышкары, бир катар социалдык жана айыл чарба мекемелеринин иши менен
таанышат. Ошондой эле премьер-министр Казарман айылынан агып өткөн Нарын
дарыясынын жуулуп кеткен оң жээгин карап чыгып, райондун активи менен
жолугушмакчы.