Өзбекстанда Шавкат Мирзийоев сунуштаган мунапыс боюнча долбоорду өлкөнүн парламенти жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, президенттин убактылуу милдетин аткаруучу Мирзийоевдин долбоорунда оор кылмыш жасабаган аялдарга, өспүрүмдөргө жана жаш курагы 60тан ашкан эркектерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, ошондой эле чет элдиктерге берилет.
Учурда эркиндикке чыга турган адамдардын саны жарыялана элек. Өзбекстанда мындай мунапыс Конституция күнүнө карата берилип келген. Мындай кадамды жергиликтүү серепчилер Мирзийоевдин президенттик шайлоого даярдыгы деп айтууда. Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрда өтмөкчү.