Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия жабык эшик артында жыйын өткөрүүдө
Бүгүн,
17-апрелде Жогорку Кеңеште “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда
абактан бошотулушу жана мамлекеттен чыгып кетүү фактысын иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия жабык эшик артында жыйын өткөрүүдө. Ага КРнын Коопсуздук жана коргоо боюнча вице-премьер-министри Шамиль
Атаханов чакырылган. Эске сала кетсек, оор кылмыштары үчүн 2006-жылы 16 жылга
эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 9-апрелде Нарын шаардык сотунун чечими менен
абактан бошотулуп, ошол эле күнү түндө чартердик каттам менен Кыргызстандан Грозный
шаарына учуп кеткен. Ал буга чейин Нарын шаарындагы №4-СИЗОдо жаза мөөнөтүн
өтөп келген.