Алмамбет Шыкмаматовдун сөзү парламенттеги жаш депутаттарды "ойготту"

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун сөзү парламенттеги жаш депутаттарды "ойготту". Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы жыйынында депутат Махабат Мавлянова кесиптеши Шыкмаматовду социалдык тармакта жеке баракчасына жазган билдирүүсү үчүн сындап, жаш депутаттардын намысына тийбөөгө чакырды. Мавлянованын билдиришинче, парламентте өлкөгө ири салым кошкон жаш депутаттар отурушат.

Алмамбет Шыкмаматов жакында Конституцияны өзгөртүүгө каршы турууда Жогорку Кеңештин жаш депутаттары үн катпай жатышканын сындаган эле. "Азыркы Жогорку Кеңештин 80 пайызын жаш депутаттар түзөт. Талкан сугунуп алгансып отурушат, уйкусурап. "Бириң өлүп, бириң кал, бизнесим гана аман кал" принцибинде. Өкмөттүн 85 пайызында жаштар отурат. Кеп жашта же карыда эмес. Карысы болобу, жашы болобу, коомго кайдыгерлик, күн карама, көрүп-билип туруп унчукпаган чыккынчылык сапаттар коркунучтуу", - деген Шыкмаматов.

Бүгүн парламентте: "Мен бул сөздөрдү жаш депутаттардын намысына тиейин деген максатта айткан эмесмин, катуу тийсе кечирим сурайм", - деди.

Жаш депутаттар Конституцияны өзгөртүү демилгесине добуш берүүдө да социалдык тармактагы бир билдирүү үчүн намыстангандай намыстанышса, өз алдынча чечим чыгарышса...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан