КРнын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кореядагы элчилиги менен биргеликте Корея жарым аралындагы кырдаалга мониторинг жүргүзүп, ал жакта жашаган кыргызстандыктардын тизмесин тактады. ТИМдин маалыматына ылайык, учурда Кореяда кыргызстандык 2840 жаран бар. 6-апрель күнү элчиликтин кызматкерлери менен кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жолугушуп, кырдаал курчуп кетсе, жарандарга жардам берүү, аларды эвакуациялоо ыкмалары аныкталды. Ошондой эле элчиликте кабарлашып туруу үчүн он-лайн байланышы ачылды. Эске сала кетсек, учурда Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосунда согуш башталып кетүү коркунучу бар.