Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы ошол кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев Казакстандын ошол учурдагы премьер-министри Карим Масимов менен Астанада жолугушуу өткөргөн. Анда өкмөт башчылары экономика, транспорт, миграция, өнөр жай, маданий-гуманитардык кызматташтык жана чек араны коргоо маселелерин талкуулашкан. Жолугушуудагы негизги тема Кыргыз Республикасына Казакстандан кошумча электр энергиясын алуу маселеси болгон. Мындан тышкары премьер-министрлер Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзга жана Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасынын алкагында жардам көрсөтүү маселесин да талкууга алышкан.
2014-жылы Кыргызстанда элди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоодо маселе жаралып, Казакстандан алынган электр кубатынын баасы эсепке алынып электр энергиясынын тарифтерине өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, 2015-жылдын 1-январынан тарта электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 70 тыйын, 700 киловаттан ашканына 1 сом 20 тыйындан төлөө тарифи коюлган. Өндүрүш ишканаларына 1 сом 38 тыйын деп бекитилген.