Бүгүн Жогорку Кеңеште “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу жана Кыргызстандан чыгып кетүү фактысын иликтей турган депутаттык комиссия жабык эшик артында жыйын өткөрүп, ага КРнын Коопсуздук жана коргоо боюнча вице-премьер-министри Шамиль Атаханов катышты. Айта кетсек, буга чейин Батукаевди Бишкектен Грозный шаарына алып кеткен учак Шамиль Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетекчилик кылган авиакомпанияга таандык экенин депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү айтып чыгышкан. Бүгүнкү жабык жыйындан чыккан Шамиль Атаханов буларды айтты: “Батукаевди алып кеткен учак “АPR” компаниясына тиешелүү болгон. Менин баламдын бул ишке катыштыгы жок экенин комиссия мүчөлөрү моюнга алышты. Аталган учакты менин уулум жетектеген авиакомпанияга тиешелүү деген депутат, комиссиянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев азыр ооруканада экен, мен дагы анын пикирин уккум келген”. Ал эми комиссиянын төрагасы, депутат Болот Шер Шамиль Атаханов айткан маалыматтарга каршы келген маалымат берди. “Бүгүн түштөн кийин комиссия кайрадан жыйын өткөрөт, ага Нарын шаардык соту, Башкы прокуратуранын жана Нарын шаарындагы №4-СИЗОнун өкүлдөрү катышат. Негизи, Батукаевди алып кеткен учак Шамиль Атахановдун уулу жетектеген компанияга тиешелүү деген маалымат туура”,- деп билдирди Болот Шер.