Ирина Карамушкина парламентте кыргызча ант берди

Депутаттык мандат алган Ирина Карамушкина 12-октябрда парламентте кыргыз тилинде ант берди. Депутат өзүнүн кызматтык милдеттерин элдин кызыкчылыгы үчүн так аткарууну, Конституцияга жана мыйзамдарга баш ийүүнү, мамлекеттин аймактык бүтүндүгү жана көз карандысыздыгы үчүн кызмат кылууну убадалады.

Эскерте кетсек, Карамушкина экс-депутат Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна депутат болду. КСДПдан депутат болуп шайланган Сатыбалдиев жакында Жалал-Абад облусунун башчысы болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан