Кыргыз Республикасы менен Грузиянын ортосундагы кызматташтыкка тийиштүү 6 документке кол коюлду. Кол коюулар президент Алмазбек Атамбаевдин Грузиядагы сапарынын алкагында болду.
Ал документтер:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Грузиянын Ички иштер министрлигинин ортосунда кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясы менен Грузиянын Ички иштер министрлигинин академиясынын ортосунда полициялык билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Грузиянын Ички иштер министрлигинин ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Грузиянын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.