"Электрондук өкмөт" долбоорунун алгачкы этабы декабрда ишке ашырыла баштайт

Кыргыз өкмөтү "Электрондук өкмөт" долбоорун ишке ашыруунун алгачкы этабын быйыл декабрь айында баштайт. Маалыматты 13-октябрда аталган маселе талкууланган иш-чарада Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында "Түндүк" мекемелер аралык электрондук системи түзүлгөн. Анын базасында 2016-жылдын декабрь айында пилоттук режимде ишке берилүүчү 8 мамлекеттик органдын ортосунда электрондук тейлөөнүн 25 түрү ишке ашырыла баштайт. Алдыдагы жарым жылдыкта дагы тейлөөнүн 25 түрүн ишке берүү пландалып жатканын айтты комитет башчысы.

2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын коррупция менен күрөшүү талабынын алкагында "Электрондук өкмөт" түзүү жана бардык мамлекеттик тейлөөнү электрондук форматка өткөрүү милдети коюлган. Өкмөт чиновник менен жарандардын ортосундагы жеке байланыштын жоюлушу мамлекеттик органдардагы коррупцияны азайтат деген ишенимде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан