Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык тамактандыруу департаментинде ишеним телефондору иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Эми жергиликтүү тургундар (0312) 67-11-50, (0312) 87-12-34 номерлери аркылуу балдар бакчаларында, мектептерде балдардын тамактануусу боюнча өз ойлорун, арыздарын, каалоолорун билдире алышат.