Таиланддын падышасы Пхумипон Адульядет 89 жаш курагында көз жумду. Маалыматты чет элдик ММКлар 13-октябрда жарыялашты. Анын өлүмүнүн себеби айтылган жок. Акыркы жылдары падыша убактысынын көбүн ооруканада өткөргөн.
Быйыл сентябрда анын кызы телеканалдардын бирине атасынын саламаттыгы начар экенин билдирген. Маалыматтарга таянсак, анын ордуна 63 жаштагы Маха Вачиралонгкорн Таиланддын падышасы болмокчу.