Бишкектеги Орус драма театрынын учурдагы абалы

“Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын мамлекетке 2 миллион сом карызы бар. Анын ичинен жылуулукка 745 миң сом, электр тармагына 444 миң сом, таштандыларды чыгарууга 63 миң сом, басмаканаларга 32 миң сом жана мыйзамсыз иштен алынган артисттерге 619 миң сом төлөшү керек. Мындай маалыматты бүгүн, 17-апрелде аталган театрдын директору Александр Кулинский журналисттерге театрдын азыркы абалын тааныштыруу иш-чарасында айтты. Директор театрдагы кейиштүү абал менен кеңири тааныштырып чыкты. Ал белгилегендей, имаратта 1985-жылдан бери оңдоо иштери болгон эмес. Былтыр театрдын 2-кабатынан өрт чыккан, ал бүгүнкү күнгө чейин калыбына келтириле элек. “Учурда театрдын фондунда акча жок, сентябрь айына чейин кризистик абал болот. Аны артисттер түшүнүү менен кабыл алышты. Бирок оңдоо иштерин тезинен жүргүзбөсөк болбой турганын, театр аянычтуу абалда экенин көрдүңөр. Мурдагы башчы Борис Воробьёв документ күбөлөндүрүүчү мөөрдөн бери алып кетиптир”,- деди Кулинский. Айта кетсек, буга чейин театрдын мурдагы директору кызматтан бошотулганда ал жердеги кийме чач, артисттердин сахнага кийип чыгуучу кийимдерин, жарык берүүчү каражаттарды жана башка буюмдарды алып кеткени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан