1912-жылдын 14-октябрында АКШнын мурдагы президенти Теодор Рузвельттин өмүрүнө кол салуу болгон. Ошол учурда ал президенттик шайлоо алдында сөз сүйлөп жаткан эле. Атылган октон жаракат алса да Рузвельт медициналык жардамдан баш тартып, 90 мүнөт сөз сүйлөгөн. Ал ок Рузвельттин төшүнө тийип, аны алып чыгуу кооптуу болгон. Ошондуктан окту Теодор Рузвельт өмүрүнүн аягына чейин алдырткан эмес.
14-октябрга карата жылнаама.