11-апрелге чейин Талас облусу боюнча 632 дыйкан, фермерге жалпы суммасы 110 миллион 775 миң сомдук жеңилдетилген насыялар берилди. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн Аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн каржы саясаты боюнча башкы адиси Казыбек Медетбеков маалымдагандай, берилген насыялардын 10 миллион 959 миңи дыйканчылык иштерди, ал эми 99 миллион 816 миң сому мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталды. Учурда берилген насыяларды натыйжалуу пайдалануу боюнча аракеттер көрүлүп жатат.