2012-жылдын 1-сентябрынан 2013-жылдын 16-апрелине чейин Талас облусундагы фермерлер чет өлкөгө 42 миң 984 тонна төө буурчак экспорттошту. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн Айыл чарба тармагынын башчысы Абай Шатманов билдирди. Учурда төө буурчакты чет мамлекетке жөнөтүү боюнча облуста 57 жеке фирма жана жеке ишкерлер иш алып барышууда. Облустун төө буурчагын эң көп сатып алган өлкө Түркия болуп эсептелет. Бул мамлекетке аталган убакыттын ичинде 20 миң тоннадан ашуун төө буурчак экспорттолгон.