“Дүйнөлүк аскердик саясий кырдаал курчуп турганда Кыргызстанда НАТОнун өкүлчүлүгүнүн болушу абалга туура келбейт”,- деп билдирди коомдук ишмер Адахан Мадумаров бүгүн, 17-апрелде маалымат жыйында. Анын айтымында, НАТО Кыргызстандын экономикалык өсүүсүнө кайсы бир деңгээлде зыянын тийгизет. “Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылга чейин "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасын Кыргызстандан чыгарарын айтууда. Бул сөздү Курманбек Бакиев да президент болуп турганында айткан, бирок чыгара алган эмес. Бул ирет да айтылган сөз аткарылбай, аскердик база өлкөдөн чыгарылбай калса, анда эл аралык байланыштарда башка өлкөлөрдүн бизге болгон ишеними жоголот. Ошондуктан эмитен эле аталган аскердик базага өлкөдөн чыга тургандыгы тууралуу эскертүү берүү керек. Мындай талапты жалпы Кыргызстандын эли колдойт деп ойлойм”,- деди Мадумаров.