Арменияда Жамааттык коопсуздук кеңеши 24 документти бекитти (тизме)

Армениянын Ереван шаарында 14-октябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы өтүп, жыйынтыгында 24 документ бекитилди. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө дүйнөдөгү азыркы кырдаал жана уюмдун мындан аркы аракеттери тууралуу пикир алышуулар болду. Жыйындын жыйынтыктары боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун 2015-жыл мезгилге чейинки жамааттык коопсуздугунун стратегиясы жөнүндө" долбоору тууралуу;
2. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун форматында эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы туруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
3. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун форматында террордук деп таанылган уюмдардын бирдиктүү тизмесин түзүү жобосу жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
4. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын билдирүүсүнүн долбоору жөнүндө;
5. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын "Тоолуу Карабахтагы кырдаалды жөнгө салуу" билдирүүсүнүн долбоору жөнүндө;
6. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын "Ракетага каршы коргонуунун глобалдык системин жайгаштыруу боюнча бир тараптуу аракеттердин эл аралык коопсуздукка жана туруктуулукка таасири жөнүндө" билдирүүсүнүн долбоору тууралуу;
7. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын "ЖККУга мүчө мамлекеттердин чек ара коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү өз ара аракеттери жөнүндө" билдирүүсүнүн долбоору тууралуу;
8. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысынын жылдык баяндамасы тууралуу;
9. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кризистик жооп берүү борбору жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
10. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында куралдарды жана аскер техникасын стандартташтыруу концепциясы жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
11. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрү үчүн аскер кадрларын биргелешип даярдоо системин 2020-жыл мезгилге чейин өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
12. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Министрлер кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
13. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун оперативдик жооп берүү боюнча жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттеринин курамынын жобосу жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
14. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздуктун Борбор Азия аймагынын тез жайылуучу жамааттык күчтөрүнүн улуттук түзүмдөрүнүн (контингенттеринин) курамынын жана дислокациясынын жобосу жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
15. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгынын кызмат адамдарынын ротациясы жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
16. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Бирдиктүү штабынын аскер кызматчыларынын квоталык кызматтарынын түзүмдөрү, жайгаштыруу жана саны жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
17. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Бирдиктүү штабынын ишмердигин жөнгө салуучу жоболор жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
18. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздукту бекемдегендиги үчүн" медалын уюштуруу жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
19. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин чукул кырдаалдарга жооп берүүсү жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
20. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышынын отчёту жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
21. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун 2017-жылга карата бюджети жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
22. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлушунун 25 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун 15 жылдыгына арналган иш-чаралар планы жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
23. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин ардак баракчасы менен сыйлоо жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
24. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясын өткөрүү убактысы жана орду тууралуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан