2003-жылы 15-октябрда Азербайжанда президенттик шайлоо өтүп, Ильхам Алиев 79,46 пайыз добуш менен жеңишке жеткен. Ал 2008-жылы жана 2013-жылы да кайра президент болуп шайланган.
Азербайжандын 4-президенти Ильхам Алиев 1961-жылы 24-декабрда Бакуда туулган. Анын атасы СССР кезинде эле аталган мамлекеттин башчысы болуп турган Гейдар Алиев уулунун бийликке келиши үчүн бүт күч-дараметин сарптаган.
15-октябрдын жылнаамасы.