Сирия Орусия менен Батыштын ортосундагы жаңжалдын аймагына айланды. Мындай пикирин Сирия президенти Башар Асад “Комсомольская правда” орусиялык гезитине берген маегинде билдирди.
Анын ою боюнча, соңку айлардагы окуялар Муздак согуштан артык көрүнүшкө ээ болуп жатат. Асад Анкаранын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларын Түркиянын Сирия менен чектешкен аймактарынан сүрүп чыгаруу кампаниясына да токтолду. Асад муну Сирияга “кол салуу” деп атады.
Мындан тышкары президент Сауд Арабия жардам берүүнү сунуштаганын, бирок Сириянын башкы өнөктөшү Иран менен кол үзүү боюнча шарт койгонун билдирди.
"Орусия бир жыл мурун Сирия жаңжалына толугу менен киришип, авиасоккуларды жасоо үчүн бомбалоочуларын жөнөткөн. Алар Сирия аскерлеринин жер үстүндөгү аракеттерине колдоо көрсөтүүдө. Натыйжада бул урушта күчтөрдүн балансы Сириядагы башкаруу режиминин пайдасына өзгөрүп жатат. Америка Кошмо Штаттары менен европалык державалар Асадга каршы күрөшкөн козголоңчуларды колдосо да, аскер жардамдарын беришкен жок", - деп айтылат маалыматта.