Шотландия Улуу Британиянын курамынан чыгышы мүмкүн

Шотландия өкмөтү Улуу Британиянын курамынан чыгуу боюнча кайрадан референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөт башчысы Никола Стержен Глазгодо өткөн Шотландия улуттук партиясынын жыйынында билдиргенин чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Стержендин айтымында, мыйзам долбоору кийинки аптада даяр болот. "Улуу Британия Евробиримдиктин курамынан чыкканга чейин Шотландия өзүнүн көз карандысыздык маселесин дагы бир жолу ойлонуп көрүүгө жөндөмдүү экенине ишенем", - деди ал.

Буга чейин Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Евробиримдиктен (ЕБ) чыгуу тууралуу расмий билдирүү 2017-жылдын мартына чейин жасаларын билдирген. ЕБден чыгуу боюнча референдумда Шотландиянын жашоочуларынын 62 пайызы өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуусуна каршы добуш беришкен. Ошол эле маалда сурамжылоолорго ылайык, шотландиялыктардын көбү Британиянын курамынан чыгуу боюнча дагы бир жолу референдум өткөрүүнү каалашпайт.

Улуу Британиянын ЕБдин курамынан чыгуусу тууралуу референдум 2016-жылдын июнунда болгон. Ага британдыктардын 72,2 пайызы катышып, добуш бергендердин 51,9 пайызы ЕБден чыгууну колдоп, 48,1 пайызы "каршы" деп добуш беришкен.

Шотландиянын көз карандысыздыгы тууралуу референдум 2014-жылдын сентябрында өткөн. Ага шотландиялыктардын 84,59 пайызы катышып, добуш бергендердин 55,3 пайызы өлкөнүн Улуу Британиянын курамынан чыгуусуна "каршы", 44,7 пайызы "макул" деп добуш беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан