Кыргызстандагы туризм тууралуу расмий сайт жакында иштей баштайт

Кыргызстандагы туризм тууралуу расмий сайт иштелип чыкканын бүгүн, 17-апрелде маалымат жыйынында Маданият, туризм жана маалымат министринин орун басары, Туризм департаментинин башчысы Данияр Казаков билдирди. Анын айтымында, ал сайтта Кыргызстандагы туристтик жайлар тууралуу толук маалымат сүрөттөрү менен жайгаштырылат. “Аны ишке киргизүү боюнча каржы маселеси, техникалык жагы толугу менен чечилди. Эми бул сайттын дарегин дүйнө жүзүнө таратуу зарыл, сайт жакын арада ишке кирет”, - деди Казаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан