ЖЫЛНААМА, 17-ОКТЯБРЬ: Бүгүн Жакырчылыкка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 1993-жылкы резолюциясына ылайык, ар жылы Жакырчылыкты жоюу күнү белгиленет. Париж шаарында жакырчылык азабына жаны ачыган 100 миң чамалуу адам 1987-жылдын 17-октябрь күнү Адам укугу аянтына келип, кедей жашоого чекит коюуну талап кылышкан.

Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргыз Республикасында калктын 38 пайызы жарды, анын 4,4 пайызы эң жакыр жашагандар. 2013-жылы бир жарандын бир айлык кирешеси 2182 сомдон аз болгон калктын 55,7 пайызы Жалал-Абад облусунда катталган. Ош облусунда 51,4 пайыз, Нарында 39,9 пайыз, Таласта 39,6 пайыз, Ысык-Көлдө 0,5 пайыз, Бишкекте 1 пайыз, Баткенде 3,7 пайыз жана Чүй облусунда 4,9 пайыз. Эң кедейлердин 14,7 пайызы Нарын облусунда жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан