Чыныбай Турсунбеков көрсөткөн колдоосу үчүн Кытайга ыраазычылык билдирди

Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кытайдагы иш сапарында Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин өкүлү Лю Юньшань менен жолугушту. Спикер Кытай өкмөтүнө өлкөбүз эгемендүүлүк алган жылдардан берки көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын айтып: "Кытай менен Кыргыз мамлекети шериктеш өлкө катары достук келишимине кол койгон 2002-жылдан бери кызматташуусун тынымсыз улантып келет. Азыр да эки өлкө ортосундагы достук мамиле сакталып, саясий пикир келишпестик жок", - деди.

Ал эми эки өлкөнүн тыгыз кызматташуусунун аркасында бир топ стратегиялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын айткан төрага: "Биз "Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун салууга, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого жана "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн ишке киргизүүгө жасап жаткан жардамы үчүн Кытай мамлекетинин жетекчилерине ыраазычылык билдиребиз", - деди.

Лю Юньшань Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин 2013-жылы Кыргыз Республикасына жасаган расмий иш сапарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу Кытай тарап үчүн да маанилүү экенин белгилеп: "Биз парламенттер аралык байланышты жана партиялар менен болгон алакаларды да өнүктүрүүгө басым жасашыбыз керек", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан