Сооронбай Жээнбеков Германиянын азык-түлүк жана айыл чарба министри менен жолугушту

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда Германиянын азык-түлүк жана айыл чарба федералдык министри Кристиан Шмидт менен жолугушту. Кыргыз өкмөтү эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирген премьер: "Биздин өлкөлөр ортосундагы достук мамилелер кызматташууну өнүктүрүү үчүн негиз болуп берет. Биз Германия тараптан дээрлик бардык багыт боюнча көрсөтүлүп жаткан колдоону жана көмөктү жогору баалайбыз", - деди.

Шмидт кыргыз мамлекетинин айыл чарба тармагындагы чоң мүмкүндүктөрүн белгиледи. Ал айыл чарба продукциясын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө толук кандуу экспорттоо үчүн өлкөдөгү тийиштүү инфрастуктураны өнүктүрүү зарылдыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан