Шашылыш билдирүү! 17-19-октябрь аралыгында өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

17-октябрдан 19-октябрга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

"17-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаайт. 18-октябрда күндүн экинчи жарымында жана 19-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланат, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dastan_nookat
2016-10-17 10:27:44
Карды абдан сагындым!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан