Мээрбек Мискенбаев "7-апрелде элди атты" деген чиновникке президент медаль такты

Президент Алмазбек Атамбаев 15-октябрда ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровду Эрдик медалы менен сыйлады. Аталган чиновникти буга чейин КСДПнын депутаты олуттуу кылмышка күнөөлөгөн. 2016-жылдын февраль айында депутат Мээрбек Мискенбаев ИИМ башчысынын орун басарлыгына Абдыкаровдун дайындалышын сындап, өкмөт башчы Темир Сариевди "7-апрелде элди аткан эргулду министрдин орун басары кылды" деп айыптаган.

"2010-жылдын 6-апрелинде Таласта элдик толкундоолор башталып, 7-апрель күнү Бакиевдин режими кулаган маалда азыркы ИИМ жетекчисинин жаңы орун басары болуп келген Данияр Абдыкаров Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болчу. Бакиевдин криминал аралашкан бийлигин колдоп, Таластагы баш аламандыкты күчөтүп, элди атып, Талас РИИБинин имаратынын өрттөнүп, курал-жарактардын жоголуп кетишине жол берген адамдардын бири. Абдыкаров сыяктуу адамдардын орду министрликте эмес, түрмөдө болчу", - деген депутат SUPER.KG порталына.

Президент татыксыз адамга наам ыйгардыбы же депутат Мискенбаев аша чапканбы?

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан