Данияр Казаков туризмдин өнүгүшү каражаттын бөлүнүшүнөн көз каранды экендигин айтты

"Туризмдин өнүгүшү каражаттын бөлүнүшүнөн көз каранды". Мындай пикирин бүгүн, 17-апрелде маалымат жыйынында Маданият, туризм жана маалымат министринин орун басары, Туризм департаментинин башчысы Данияр Казаков билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча туризм тармагын каржылоо 227 миң сомго аз болду. “Бул тармакты өнүктүрүү үчүн жарманке, фестиваль сыяктуу бир катар чараларды көрүш керек. 2012-жылы туризм багытына мамлекеттик бюджеттен 7 миллион сом бөлүнүп, анын 3 миллиону иштетилип, 4 миллион сому кыскартылган” ,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан