Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде “Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.
Анын жүрүшүндө өкмөт мүчөлөрү былтыр мамлекеттик бюджеттен алынып жумшалган акча каражаты боюнча маалымат беришти. Алардын айтымында, парламент 2015-жылга бекиткен бюджеттин долбоору 2 жолу өзгөртүлгөн. Буга депутат Таабалды Тиллаев нааразычылыгын билдирди.
"Жылдык бюджетти бекитүүгө көп убакыт кетет, бирок пландап бергенибиздин пайдасы жок экен. Бюджеттин корголгон беренелерин калтырып, калган жагы кесилип жатат. Башталган пландар бүтпөй жатат. Мектептердин, бала бакчалардын курулушу аягына чыга элек", - деди Тиллаев.