Бүгүн, 17-апрелде КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайга болгон болгон иш сапарынын алкагында Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди, Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитин уюштуруу маселесин кеңири талкуулашты. Министрлер мындай жогорку деңгээлдеги тыгыз кызматташтык үчүн бири-бирине ыраазычылык билдиришип, өнүгүүнүн келечеги тууралуу да пикир алышты. Айта кетсек, буга чейин Бишкекте өтүүчү ШКУнун саммитин уюштурууга Кытай өлкөсү колдоо көрсөтө тургандыгын билдирген.