Депутаттар өкмөттү Темир Сариевден кечирим суроого чакырышты

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Таабалды Тиллаев "өкмөт экс-премьер-министр Темир Сариевден жана мурунку транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаевден кечирим сураш керек" деди.

"Кытайлык "Лонг Хай" компаниясы Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоп-түзөөгө лицензиясы жок дегенсиз. Учурда бул компаниянын тагдыры эмне болду? Же Темир Сариевди кызматтан кетириш үчүн эле жаңжал чыгарылды беле?" - деп сурады транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровдон депутат.

Министрдин айтымында, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, жыйынтык чыга элек. "Лонг Хай" компаниясына 2-категориядагы лицензия берилген", - деди чиновник.

Депутат Тиллаев бул боюнча төмөнкүнү эскертти: "Убагында сиз бул компанияга 2-категориядагы лицензия бере албайбыз дедиңиз эле. Ал эми Балыкчы-Корумду жолун оңдоого компанияга 3-категориядагы лицензияны билбей берип койгонбуз дегенсиз. Мындан улам өкмөт Темир Сариев менен Аргынбек Малабаевден кечирим сурап коюш керек".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан