21-апрель күнү борбор шаарда КРнын Футбол федерациясынын оюн талаасында Бишкектин “Дордой” командасы менен Казакстандын “Алга” командасы беттеш өткөрөт. Айта кетсек, оюнда аталган командалар Кыргызстандын Супер Кубогу үчүн топ талашат. Эки өлкөнүн футболчулары буга чейин Кыргызстанда жана Казакстанда да мелдеш өткөрүшүп, "Дордой" командасы 6:1 эсебинде алдыда келе жатат. Учурда футболчулар катуу даярданып жатканын билдирет Футбол федерациясы.