Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы президент Алмазбек Атамбаев соттук реформаны ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүүгө макул экенин билдирген. Муну өлкө башчы Бишкекте өткөн Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында айтып, мындай өзгөртүү бийликтин сот тармагына гана тийиштүү болорун белгилеген. "Менин президенттик мөөнөтүмдү узартуу жана авторитардык режимди киргизүү ниетим жок. Биздин соттор адилеттүү чечимдерди чыгарышы керек. Соттук бийликтин начар экенин байкап жатабыз", - деген президент.
Бүгүн президенттин командасы Конституцияны өзгөртүүнү соттук реформа үчүн гана эмес, башка тармактар боюнча да демилгелеп жатканы белгилүү. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр бийлик бутактарынын тең салмактуулугун жоготуп, бийликти бир колго топтоого шарт түзөрүн көптөгөн саясатчылар, эксперттер, жарандык коомдун активдүү мүчөлөрү айтып жатышат.
17-октябрга карата жылнаама.