ИИМ: "Өлкөдө 9 ай ичинде 1761 аял кылмыш жообуна тартылган"

Өлкө боюнча 2016-жылдын 9 айында кылмыш жоопкерчилигине 10 518 адам тартылса, алардын 1761и аялдар. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмыш жоопкерчилигине тартылган 1441 адамдын күнөөсү аныкталган.

"Кылмыш жазасына тартылгандардын катарын алкоголдук ичимдик ичүү менен милиция тарабынан кармалган 302 адам толуктайт. Баңгизатын колдонгон 17 адам кармалган. Жалпы кармалгандардын арасында 347 адам мурда соттолсо, кызмат адамдарынан 990 адам жоопкерчиликке тартылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, жоопко тартылгандардын катарында 455 студент бар. Ошондой эле 152 чет элдик жаран кылмыш жообуна тартылган. Кылмыштуулуктун саны 2015-жылга караганда 5,1 пайызга азайган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан