ЖЫЛНААМА, 17-ОКТЯБРЬ: 1994-жылы коррупция боюнча жазган макалалары менен таанылган орусиялык журналист Дмитрий Холодов өлтүрүлгөн

1994-жылы 17-октябрда орусиялык журналист Дмитрий Холодов Москвадагы өзү иштеген гезиттин редакциясында портфель-дипломаттагы жардыргыч заттын жарылганынан улам каза болгон. Журналист 27 жашта болчу. Кесиптештеринин айтымында, Холодов дипломатта курал-жарактар менен мыйзамсыз соода кылуу боюнча документтер бар экенин айткан. Бул кылмыштын жүзү ушул күнгө чейин ачылган эмес.

Журналист каза болгон жылы Орусиянын Журналисттер союзунун сыйлыгына жана “Прессанын эркиндиги үчүн” аттуу сыйлыкка татыган. Д.Холодовдун аты Климовск шаарындагы өзү окуган №5-мектепке жана көчөлөрдүн бирине берилген. Ошондой эле өзү иштеген “Московский комсомолец” гезитинин редакциясынын имаратында эскерүү тактасы орнотулган. Ал Орусия армиясындагы коррупция жөнүндөгү макалалары менен атак-даңкка жеткен.

17-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан