Юридикалык жактардын аталыштарын жазуу талабы мыйзам аркылуу жөнгө салынат

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактардын аталыштарын мамлекеттик жана расмий тилде колдонулган тамга менен жазууга багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Баяндамачы депутат Абдыманап Кутушевдин айтымында, буга чейин мамлекеттик каттоо жүрүшүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде түшүнүгү бар юридикалык жактардын аталыштарын латын же дагы башка тамгаларда жазууга уруксат берилгендиктен, ал көптөгөн түшүнбөстүктөрдү жаратып, ар кандай чаташууларга алып келүүдө. Ошондуктан алардын жазылышын кириллицага өткөрүү менен, ыраатташтыруу зарылчылыгы бар. Белгилей кетчү нерсе, мындай талаптын мурда катталган, аталышы брендге айланып калган чет өлкөлүк юридикалык жактарга эч тиешеси жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан