Военно-Антоновка айылындагы унаа базарынын жанына коюлган видеокөзөмөл 17-июнда ишке кирип, ошондон бери 60 миңден ашуун эреже бузууларды каттаган. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жол эрежесин камсыздоо боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Буга чейин унаа базарынын жанына орнотулган видеокөзөмөлгө катталган 59 040 транспорттун ээлерине кат жолдонгон. Эреже бузуулардын негизинде ушул күнгө чейин өлкө казынасына 5 миллион 568 миң сом киреше түшкөн", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жол эрежесин сактоо жана алдын алуу, ошондой эле жол эрежелеринин бузулушун аныктоочу систем өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, аталган видеобайкагыч айыптардын төлөнбөй калганынан улам токтогонун депутат Зиядин Жамалдинов парламенттин жыйынында билдирген.