Түркиянын siyasetcafe.com интернет басылмасы президент Алмазбек Атамбаевдин 2,5 миллиард доллар байлыгы жана 5 миллиард долларга бааланган 100 тонна алтыны бар экенин жазды. Маалыматта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы эскертилет.
"Бүгүнкү күндө кыргыз элинде Атамбаевге каршы оппозиция күчөп жатат. Кыргыз эли ачка, келечегин көрө албай отурат. Болгону 5 миллион адам жашаган өлкөнүн Кытайга эле болгон карызы 2,5 миллиард долларды түзөт. Ал эми өлкө башчысы Атамбаевдин жеке байлыгы 2,5 миллиард долларды чапчый турганы айтылат. Ал кыргыз эли жакыр жашап жатканына карабай 5 миллиард доллар деп бааланган "Жер-Үй" алтын кенин Орусияга 100 миллион долларга сатып жиберди", - деп жазат аталган басылма.