Чүй облусундагы №8-түзөтүү абагына баңгизат ыргыткан 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматында: “17-октябрга караган түнү №8-түзөтүү абагынын ичине белгисиз адамдар тарабынан 4 желим бөтөлкө ыргытылган. Анын ичинде марихуана болгону аныкталды. Ал эми баңгизат ыргыткан 3 адам качып кетүү аракетин көргөн. Бирок алар абак кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат.