"Кайыңды-Кант" ачык акционердик коому бул жылы суткасына 500 тонна кумшекер чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
"Учурда завод суткасына 2,5 миң тонна кант кызылчасын иштетип, 500 тонна кумшекер өндүрүүдө. Заводдо 673 кызматкер иштейт. Өндүрүү кубаттуулугу дыйкандардан түшкөн кызылчаны иштетүүгө жетиштүү. Кызылчаны кабыл алууга жана сактоого керектүү инфраструктура бар. Чүй жана Талас облустарында кант кызылчасын кабыл алуучу 9 пункт ачылган", - деп айтылат маалыматта.
2012-жылы "Кайыңды-Кант" ААКы жаңы жабдууларды сатып алууга, заводдун кызылча жана уруктарын жыйноочу техникасын модернизациялоого 10 миллион доллардан ашуун каражат жумшаган.