КҮНСЕРЕП: Билимден даңкты жогору коюу "экономикалык кереметти" жаратпайт

Бүгүн, 17-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

14-октябрь күнү Патрулдук милиция жаңы эле алынып келинген Renault Logan үлгүсүндөгү 65 унаасын гаражына киргизип-кире электе Башкы прокуратура бул ишке байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Тагыраагы, Патрулдук милициянын башкармалыгы тендердин талабына жооп бербеген коммерциялык уюмду жеңип чыкты деп таап, кийин ал уюм менен 65 жеңил унаа сатып алуу тууралуу келишимге кол коюлган. Эске салсак, тендерди 5 компаниянын ичинен “Азия Моторс” утуп алган эле. “Жыйынтыгында бюджеттен 25,7 миллион сом мыйзамсыз которулган” дейт прокуратура. Баш-аягы бул тендерге Патрулдук милициянын башкы башкармалыгы 36 миллион сомдон ашуун каражат сарптоого даяр болчу. Ушул жылдын май айында дайындалган Патрулдук милициянын башчысы Эркин Баев, анын артынан эле июнда дайындалган ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бул окуяга байланыштуу эмне деп жооп беришет? Аталган жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөбү? Мындай суроонун жаралышы мыйзам ченемдүү көрүнүш, себеби өткөн эки апта бою тили күрмөөгө келбеген транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров бүгүн депутаттардын алдында гана үн салды. Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын сунушу менен Айдаров кытайлык "Сhina Road and bridge corporation" компаниясына тиешелүү Лексус LX 570 үлгүсүндөгү жол тандабасты пайдаланып жүргөнү боюнча териштирүү иштери бүткүчө кызматынан убактылуу четтетүү керектиги айтылган. Жогорудагы компания Кыргыз өлкөсүнүн ири буюртмаларынын аткаруучусу, буга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоодон өткөрүп, учурда альтернативдүү Түндүк-Түштүк жолун куруп жатат. Курулуш бүткөн соң аталган министрлик компаниядан жолду өткөрүп алат. "Ачык бюджет" порталынын маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери аталган компания мамлекеттик бюджеттен 1,1 миллиард сомдон ашуун каражат алган. "Жол курууга байланыштуу бир канча тендерлерди утуп алган компаниянын автоунаасын колдонууну коррупциялык схема деп баалоого болот", - дешкен "Өнүгүү-Прогресстин" депутаттары. Бирок министр кечирим суроо менен гана кутулду. “Аталган компаниянын унаасын пайдалануудан мамлекетке эч кандай зыян келтирилген жок. Мындан ары кайталанбайт”, - демиш болду коомчулуктун нааразычылыгынын түпкү себебине көңүл бөлгүсү келбеген аткаминер. Депутат Төрөбай Зулпукаров "эгерде Кытайда кайсы бир аткаминер ушундай ишке барса, аны атып салышмак" деп, 100 миң доллардын тегерегиндеги кымбат темир тулпарды министрге колдонууга берип турган компаниянын Кыргыз өлкөсүндө катышкан тендерлерди текшерип чыгууну тапшырды. Буга улай 120 депутаттын жамбашына, алардын жаңы креслосуна ким “спонсор” болгону да ачыкка чыкса, туура болмок...

Конституцияны өзгөртүүгө каршы турган активдүү депутаттардын бири Чолпон Жакуповага карата провокация даярдалып жаткандыгы айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын биринин редактору жана “Референдумга жол жок!” кыймылынын мүчөсү Замира Сыдыкова билдирди. Чолпон Жакуповага бир айдын ичинде түрдүү булактан 4 жолу эскертүү берилгенин, депутат өзүнүн коопсуздугуна гана эмес, балдары жана жакындары үчүн да тынчсызданып жатканын айткан. Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да өмүрүнө коркунуч бар экенин билдирген эле. Акаевдин бийлигин “коррупциялашкан” деп атап, Бакиевдин доорун “кандуу” болду деп бул режимдерге каршы күрөшүп жүрүп жеткен жашообуз ушулбу? Бийликтин мыйзамсыз кадамдарын ачык сынга алып жаткан адамдарды тымызын коркутуу доору башталган болсо, анда 2010-жылы 7-апрелде эмнеге революция жасалды эле? Жүзгө жакын адам эмнеге курман болду эле?

Жогорудагыдай окуялар менен удаа Конституцияны өзгөртүү аракети бийлик пландагандай жүрүп баратат. “Референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда, 19-октябрда парламенттин жыйынында каралат. Буга чейин референдум 4-декабрда өтөт деп айтылып жаткан, бирок жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү 11-декабрга белгиленгенинен улам дал ушул күнү референдум да өткөрүлмөкчү. Референдумду жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо ишине аралаштырбай өзүнчө өткөрүү керек болчу. Эл шайлоого алаксыбай келип “жок” деген жообун жазып кетип, бийликтин бул аракетин токтотор беле? Бирок бийлик элге андай мүмкүнчүлүк бербейт...

Өкмөт өткөн жума күнү жааган кардан кабарсыз калган көрүнөт. “Жылдын аягына чейин 64 мектептин курулушун аягына чыгарууну пландап жатабыз”, - деди бүгүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев. Анын сөзүн угуп отурган депутат Садык Шер-Нияз: “2 айдын ичинде 64 мектепти куруп бүтөсүңөрбү? Силерге эмне болду? Күлкү келерлик”, - деди. 100 мектеп курулат деп ооз көптүргөн "Жер-Үй" кенинин лицензиясын сатуудан түшкөн каражатка 8 мектеп гана курулду. Эске салсак, "Жер-Үйдөн" түшкөн 100 миллион доллар мектептерди курууга эмес, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Балыкчы-Корумду жолун оңдоого жумшалып кеткен. Өкмөт бул каражат убактылуу алынып турганын, кийин орду толукталарын айткан. Бирок ал каражаттын жоктугу жогорудагы 64 мектептин курулушу октябрдын орто ченинде дале бүтө электигинен, кыштын кыраан суугунда курулуп бүтөт деген куру убададан билинип турат. Жетишсиздик бир гана мектептерде эмес. Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын айтымында, өлкө ичиндеги мектептерге 12 миллион китеп керек. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргыз мамлекетинде 1 миллионго чукул окуучу бар. Демек, ар бир окуучуга орточо 12 китеп жетишпейт. Экономикада “экономикалык керемет” деген түшүнүк бар. Кыска убакыттын ичинде жакыр өлкөлөрдүн өнүккөн дөө-шаа державалардын катарынан орун табуусун ушинтип аташат. “Экономикалык кереметти” жаратуунун бирден-бир фактору – бул калкынын билимдүү болуусуна мамлекеттин акча аябагандыгы. Даңк үчүн оюн-зоок өткөрүүнү келечекке таасирин тийгизе турган муундун билиминен жогору койгон кыргыз бийлигинин ой-жүгүртүүсү эч бир акылга сыйбайт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан