Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо: Сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду өттү

2016-жылдын 5-14-октябрында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын кыргыз-өзбек чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү раунду өттү. Бул тууралуу 17-октябрда өкмөттүк аппараттан билдиришти.

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын чегин аныктоо боюнча конструктивдүү кызматташууга багыт алууда. Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топтору тарабынан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын 50дөн ашуун тилкеси иликтенген. Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында тийиштүү протоколго кол коюлган. Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр мурда жетишилген келишимдерге ылайык жүргүзүлүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан