Чыныбай Турсунбеков: "Кыргыз мамлекети альтернативдүү электр энергия булактарына муктаж"

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков 14-15-октябрь күндөрү Кытайда өткөн эл аралык форумдун алкагында шамал энергиясын өндүрүүчү жабдыктарды чыгарган "Хайчжуан" компаниясы менен таанышты.

Ишкананын өндүрүшү тууралуу маалымат алган төрага Кыргыз Республикасы альтернативдүү электр энергия булактарына муктаж экенин белгилеп, бул жаатта тажрыйба алуу өлкөбүз үчүн өтө маанилүү болорун билдирди. Ошондой эле альтернативдүү электр энергия булактарын Кыргыз жеринде да ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрү арбын экенине токтолгон Турсунбеков биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан