Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети 17-октябрда Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын Орусиянын аймагында жана Орусиянын жарандарынын Кыргыз мамлекетинин аймагында жүрүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Макулдашууга Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлган.
Кыргыз мамлекети менен Орусиянын мигранттарына ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган бул келишимдин шарттарына ылайык, мигранттар эки өлкө аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. ЖКнын маалымат кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Орусияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 7 күн болгонун, келишимдин ратификацияланышы менен бул норма 30 күнгө чейин узартыларын билдирди. Ал эми Орусиянын жарандарынын Кыргыз жеринде каттоосуз жүрүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылууда.