Пакистанда жүргүнчү ташыган эки автобус сүзүшүп, кеминде 27 адам каза болду

Пакистандын түштүк аймагындагы Пенджаб аймагында кечээ катталган жол кырсыгында кеминде 27 жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ эртең менен орун алган. Натыйжада 50гө жакын адам ар түрдүү жаракат алганы, каза тапкандардын саны өсүшү мүмкүн экендиги айтылууда.

"Бул өлкөдө айдоочулар жол эрежелерин көп сакташпайт, ошол себептен адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көп катталат. Көп аймактарында жолдун абалы жакшы эмес. Август айында Азад Кашмир аймагында үлпөт тойго конокторду алып бараткан автобус жарга кулап, 25 адам каза тапкан эле. Каза тапкандардын арасында аялдар жана жаш балдар да болгон. Андан сырткары 20 адам ар түрдүү жаракаттарды алган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Boldukan86
2016-10-18 16:28:29
кудай сактасын ар кимдида
0
AKCAHAT
2016-10-19 16:08:11
Кашмирдин жолу озу кыл копуро. Кичине эле кылт этсе жарга кулап кетесин. Эн кооптуу жар боорундпгы жол
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан