Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 18-октябрдагы жыйынында Конституцияны өзгөртүүгө жол ачуучу мыйзамдын долбоору экинчи окууда жактырылды. Ага комитеттин 11 мүчөсү "макул", 3 мүчөсү "каршы" деп добуш берди. Эми бул долбоор Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Документке ылайык, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 2016-жылдын 11-декабрына дайындалмакчы.
Айта кетсек, долбоорго Алмамбет Шыкмаматов, Чолпон Жакупова жана Мыктыбек Абдылдаев "каршы" деп добуш беришти.